super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишине нааразы

 

1-февралда өткөн өкмөттүк жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишин сынга алды. Айтымында, министрликтин 2013-жылдагы иши канааттандырарлык эмес.

“Саламаттыкты сактоо тармагында реформа кылуу үчүн сиздин министрликте конкреттүү иштердин системи жок. Былтыр ооруканаларды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 500 миллион сом бөлүнгөн. Кемин районундагы 5 миллион сом чыгымдалган оорукана бүтпөй калды, каражат эффективдүү колдонулган  эмес”,- деди өкмөт башчы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаевага.

Сатыбалдиев эки жарым жылдан бери саламаттыкты сактоо министри тармакты тартипке сала албаганын белгиледи.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: