super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөрдөн” 2013-жылы 145 миллион доллар киреше түшсө, Кыргызстан 12 миллион доллар алды

 

2013-жылы “Кумтөрдөн” 145 миллион доллар киреше түшсө, Кыргызстанга 12 миллион доллары тийди. Муну “Кыргызалтын” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Кылычбек Шакиров бүгүн, 3-февралда ЖКдагы эки комитеттин кошмо жыйынында билдирди. Депутаттар “145 миллион пайда тапса, 33 пайыз менен Кыргызстан эмне үчүн 12 гана миллион доллар алат?” деп суроо беришкен эле. 

Кылычбек Шакиров: “Муну директорлор кеңеши чечип коюуда. Азыр директорлор кеңешинде кыргыз тараптан 3 гана мүчө бар. Биз канчалык аракет кылганыбыз менен, калган 8 мүчө кол көтөрүп коюуда. Эгер жаңы ишкана түзүлсө, буга жол берилбейт”,- деди.

Айта кетсек, бүгүн Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: