super.kg logo
  Саясат  

Алкоголь продукциясын өндүрүүчүлөрү салыктын көтөрүлүшүнө нааразы

 

Бүгүн, 3-февралдагы маалымат жыйынында Алкоголь продукциясын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Турсунбек Күрөңкеев “КРнын Өкмөтү спирт ичимдиктеринин айрым түрлөрүнө болгон акциздик салыкты кымбаттатып, туура эмес чечим чыгарды” деп нааразылыгын билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдын 23-январында кабыл алынган өкмөттүн токтому менен арак, ликёр-арак азыктары жана күчтүү ичимдиктерге акциздик салыктын баасы 3 эсе кымбаттаган. Алардын 1 литри 60 сомго барабар болуп, шампан, коньяк, сыра продукцияларына салык баасы өзгөрүлгөн эмес. “Биздин оюбуз боюнча, салык салуунун көтөрүлүшүнө бизди тааныган адамдар түрткү болуп жатат. Бирок далилдерибиз жок болгондуктан, алардын аттарын айта албайбыз”, - деди Күрөңкеев.

Ошондой эле "өндүрүүчү чыгарган даяр продукциянын дүң баасы 0,5 литрине 81 сом жана чекене баасы 0,5 литрине 90 сом болсун" деген талабын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: