super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: “Центеррага” адвокат болуп алды” деп өкмөттү сындагандар намысыма тийүүдө”

 

“Кумтөр” маселеси боюнча “Центеррага” адвокат болуп алды” деп өкмөттү сындагандар намысыма тийүүдө”,- дейт экономика министри Темир Сариев бүгүн, 3-февралда ЖКнын 2 комитетинин кошмо жыйынында. Айтымында, азыр “Кумтөр” боюнча элдин таламын талашып жаткандар мурунку келишимдер кабыл алынып жатканда үн катышкан эмес.

“Мурунку зыяндуу келишимдер кабыл алынып жатканда “укмуш келишим болду, мындай тарыхта болгон эмес” деп кошоматчылык кылгандар азыр кыйкырышууда. Өкмөттү “Центеррага” адвокат болуп алды” деп сындагандар да ошолор. Ал келишимдерге караганда бул макулдашуу жакшы болуп жатпайбы? Ачык-айкын карадык, эми “оюңарды айткыла” деп алдыңарга алып келип жатабыз. Бул маселеге өкмөт эмес, парламент жоопкер болот, анткени чечимди Жогорку Кеңеш кабыл алат. Калыстык да керек”,- дейт Сариев.

Айта кетсек, Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: