super.kg logo
  Саясат  

“Кумтөр” боюнча жаңы келишимге эки министр: А.Шыкмаматов менен К.Базарбаев кол койгон жок  

 

“Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумуна “Ата Мекен” фракциясынын квотасы менен дайындалган министрлердин экөөсү кол койгон жок. Алар юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев. Муну бүгүн, 3-февралда ЖКнын 2 комитетинин кошмо жыйынында биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев айтты. 

“Мен "калыс" деп добуш бердим. Фракция тарабынан “мындай же тигиндей добуш бер” деген кийлигишүү болгон жок. Бир чети өкмөт Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомду аткарышы керек эле. Бирок мен азыркы келишимге макулмун”,- деди Оторбаев.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын квотасы менен дайындалган транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов жаңы келишимге макул.

Айта кетсек, Эл аралык иштер жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитеттеринин кошмо жыйынында “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралууда.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: