super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев: "Кумтөр" боюнча бизде 2 гана жол бар: улутташтыруу жана жаңы келишим менен иштөө"

 

"Кумтөр" боюнча Кыргызстандын алдында 2 гана жол бар. Биринчиси - улутташтыруу, экинчиси - өкмөт сунуштаган жаңы келишим менен иштөө. Муну бүгүн, 3-февралда ЖКнын эки комитетинин кошмо жыйынында экономика министри Темир Сариев билдирди. Айтымында, улутташтыруунун кесепети оор болот.

"Улутташтырсак канадалык тарапка компенсациянын алгачкы бөлүгүн же 700 миллион доллар төлөп беришибиз керек. Анда ушуга жараша кырдаал түзүлөт. Келгиле, белди бекем бууйлу. Пенсияны, айлыктарды кыскарталы да, "Центерра" менен соттошолу. "Соттон жеңгенден кийин жашообуз башкача болот" деп элге айталы. Эл чыдайбы ушуга? Мисалы, чек арадагы абалыбыз кандай? Ага канча акча талап кылынат? Экономикабыз туруштук бере алабы? 

Биз 23 жылдан бери базар салганга көнүппүз. Бир жерге базар курсаң, эл көчүп келет, ошол жерден соода орунун алып калайын деп. Ал эми завод куралы десең эл шыпыргы, күрөгүн көтөрүп чыгып жол тосушат. "Эмнеге тиги жерде түтүн чыгып жатат?" деп нааразы болот. Фабрика иштесе түтүн чыгат да. Ошондуктан "Кумтөр" боюнча ойлонуп туруп чечим кабыл алалы",- деди Сариев.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: