super.kg logo
  Саясат  

Сайдулла Нышанов өкмөт мүчөсүнө: "Кумтөр" боюнча талашыбыз болгону 19 миллион доллар дейсиз, бизге 19 эмес 1,9 миллион да көп акча"

 

Парламентте бүгүн, 3-февралда "Кумтөр" боюнча тармактык эки комитеттин кошмо жыйыны өттү. Ага катышкан вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев депутаттарды өкмөт сунуштаган жаңы келишимди колдоп коюуга чакырды. "Айрымдар келишимди толук окуп чыкпай эле ар кайсыны айтууда. "Кумтөр" боюнча ортодогу талашыбыз 19 миллион эле сом. Үлүштү 67 пайызга жеткирсек, 19 миллион доллар ашыкча алабыз, 50х50 пайыз менен калсак, 19 миллион сом албайбыз",- деди Сарпашев.

Вице-премьер-министрдин сөзү айрым депутаттарга жаккан жок. Сайдулла Нышанов "Урматтуу вице-премьер-министр! Сиз үчүн 19 миллион доллар аз болсо, биз үчүн 19 эмес 1,9 миллион да көп акча" деди. 

"Кумтөр" маселеси парламент жыйынында 5-февралда кармалмакчы. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: