super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. 2003-жылы каза тапкан милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө акчалай жардам көрсөтүлдү

 

Токтогул РИИБи 2003-жылы каза болгон милиция кызматкери Кадыралы Мурзалиевдин үй-бүлөсүнө  материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция  кызматында 1979-жылдан  2001-жылга  чейин  кызмат  өтөгөн милициянын  ага  лейтенанты  Кадыралы Мурзалиев 2003-жылы оорудан  улам каза  болгон. Маркумдун  жубайы  Гүлнара  Уезбаева материалдык  жардам  сурап  Жалал-Абад  ОИИББинин  жетекчилигине  кайрылган. Бул  үй-бүлөгө  265  миң сом берилди.

“Маркум  Мурзалиев  Кадыралынын  үй-бүлөсү  бул  акчага  азыркы  жашап  жаткан  3  бөлмөлүү  батирди  сатып  алышып,  сүйүнүп  жаткан  чагы”,- деп билдиришти Жалал-Абад ОИИББинен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: