super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл облусунун түштүгүндө жайгашкан айылдардын тургундары “жол ачылбаса, антимитингге чыгабыз” деп жатышат

 

Ысык-Көл облусунун түштүк тарабында жайгашкан айылдардын тургундары “эгер жол ачылбаса, антимитингге чыгабыз” деп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда SUPER.KG  порталына Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган облустун Барскоон, Тамга, Оргочор, Кызыл-Суу, Тосор жана Балтабай айылдарынын тургундары Каракол-Балыкчы унаа жолунун жабылышына нааразычылыктарын айтышууда. Мындан сырткары "жакын арада буулган жолду ачышпаса, өз күчүбүз менен ачабыз" деп билдиришкен. Учурда милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.   

Эске салсак, "7-октябрда Караколдогу баш аламандыкты уюштурган" деп шектелип Айбек Сарыбаев баш болгон адамдар кармалган. Алардын бошотулуусун талап кылган жергиликтүү тургундар облустагы башкы унаа жолдорун бууп салышкан.    






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: