super.kg logo
  Саясат  

Равшан Жээнбеков: “Саруу айылынын тургундарына күч колдонуу бийликтин алсыздыгын тастыктайт”

 

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Саруу айылындагы абал боюнча өзүнүн интернет баракчасы аркылуу билдирүү жасады. 

“Кечээ укук коргоо кызматкерлери Саруу айылынын тургундарына күч колдонуп, ал тургай аялдарга кол көтөрүштү. Атап айтканда, Майрам Алымбаева менен Үпөл Ниязбекованын ур-токмокко алынышы коомчулук тарабынан кескин айыптоого арзыйт. Айрым айыл тургундарынын эшиктерин талкалап, 17 жаранды кармап кетүүсү менен бийлик маселени чечүүнүн жолун билбей тургандыгын тастыктайт. Мамлекеттик бийлик маселе чечүүнүн жолун таба албаган учурда жарандардын ар кандай акцияларга чыгуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. 

Ал эми "Кумтөр" жана социалдык-экологиялык маселелерди көтөрүп чыгып жаткан Саруу айылынын тургундарына карата бийликтин күч колдонуп, провокацияларды уюштуруп, куугунтукка алуусу бийликтин алсыздыгын, күчкө гана таянарын жана иш алып барууга жөндөмсүздүгүн билдирет. Оппозициялык кыймыл бийликтин өз элине кылып жаткан бул аракеттерин ашынган кыянатчылык катары баалап, мыйзам бузууга жол берген укук коргоо органдарынын жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну жана мындай мыйзамсыз аракеттерди тез арада токтотууну (кайталабоону) талап кылат”,- дейт Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: