super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Түркиянын жаранына турмушка чыгуу үчүн кандай документтерди чогултуу керек?

 
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.    
Суроо: - Түркиянын жаранына турмушка чыгуу үчүн кандай документтерди чогултуу керек? Суроо калтырган life-91    
Жооп: - Эгерде кыргыз жараны түрк жаранына Кыргыз Республикасынын ичинде турмушка чыгып же үйлөнө турган болсо, төмөнкүлөрдү аткаруусу керек:

-Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментине тийиштүү арыз менен кайрылышы зарыл.

-Түркиянын жаранынын паспорту мамлекеттик же расмий тилге которулушу жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.

-Түрк атуулу Түркия Республикасында башка никеси жок болгондугу тууралуу апостилденген маалымдамасын көрсөтүүсү абзел.

Эгерде кыргыз жараны түрк жаранына Түркия Республикасынын ичинде турмушка чыга же үйлөнө турган болсо, төмөнкүлөрдү кылышы зарыл:

-Түркия Республикасынын компетенттүү органына тийиштүү арыз менен кайрылышы кажет.

-Кыргыз жаранынын паспорту мамлекеттик тилге которулушу жана нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүшү керек.

-Кыргыз жараны Кыргыз Республикасында башка никеси жок болгондугу тууралуу апостилденген маалым катын Юстиция министрлигинен алуусу талапка ылайык.

Суроого Тышкы иштер министрлигинен жооп беришти.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: