super.kg logo

Жылнаама, 4-февраль: Мындан 3 жыл мурун Иса Өмүркулов Бишкек шаарынын мэри болуп шайланган

 

* Мындан 3 жыл мурун, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 4-февралдагы отурумунда Апрель окуяларынан бери мэрдин милдетин аткарып келген Иса Өмүркулов жана вице-мэр Вячеслав Красиенконун талапкерлигин шаар мэринин кызматына көрсөтүшкөн. Бирок Красиенко Өмүркулов канааттандырарлык иштеп жатканын кабарлап, өз демилгеси менен шайлоого катышуудан баш тарткан. Натыйжада шаардык кеңештин депутаттары бир талапкер үчүн жашыруун добуш берип, 40 депутаттын ичинен 39 депутат Иса Өмүркуловду колдогон. Шаар башчысына шайлоо өткөрүү 2-февралдагы президент Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык ишке ашкан. И.Өмүркулов 2013-жылдын 4-декабрында өз арызы менен кызматтан кетти. Ага "шаар башчысы болуп турганда мыйзамсыз жер саткан" деген айып тагылууда.

* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы коргоо министри Эсен Топоевдин журналисттер үчүн уюштурган маалымат жыйынында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн 2010-жылга чейинки Аскердик доктринасы кабыл алынгандыгы кабарланган. Министрдин айтымында, доктрина алкагында куралдуу күчтөрдү реформалоо жана анын техникалык, тактикалык сапатын арттыруу багыттары белгиленген. 

Мындан тышкары дүйнөлүк масштабдагы террордук кыймылдын күч алышын эске алып, Кыргызстан Куралдуу күчтөрүнүн курамында чакан чагылган аракетчил топтун түзүлө тургандыгы маалымдалган. 

* Мындан 81 жыл мурун советтик жана орусиялык театр, кино актёру, режиссёр, телеалпаруучу, Орусиянын Эл артисти Игорь Кваша Москвада туулган. Анын ролундагы тасма жана спектаклдер жүздөп саналат. Элге жакшы таанылып калгандары: "Республиканын мүлкү", "Баягы Мюнхгаузен", "Жашыруун кеңешчи" жана башкалар. Ал 1990-жылдардын башында КВНдин Жогорку Лигасында калыстар тобунун катарын толуктаган. 1998-жылдан баштап жоголгонду табыштырган, издегенди кезиктирген Орусиянын 1-каналындагы "Мени күт" ("Жди меня") телевизиондук ток-шоусун алып бара баштаган. 

2007-жылы анын "Кайтаруу чекити" аттуу мемуар-китеби чыккан.
Игорь Кваша 2012-жылдын 30-август күнү саат 17:00 чамасында Москвадагы ооруканалардын биринде жүрөгү токтоп каза тапкан.

Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.02.2014. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфонун жамааты сиздерге ийгилик имени кызыктырган Барак айылына жардам корсотулуп жатабы менде уйку жок кыжаалатмын окугандан бери(((((
04.02.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экс мер бир аз болсода иштечуу экен, ушул саатта Бишкектин жолун корсон уяласын унанды айдагандан, тазалап койбойсунарбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: