super.kg logo

Сузак районундагы мечит-медреседен жабыркагандардын экөөсүнүн кыр арка сөөгү сынып кеткен

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мечит-медреседен жабыркагандардын экөөсүнүн кыр арка сөөгү сынып кеткен. Учурда алар облустук ооруканага которулушту. Бул туурасында Сузак райондук ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы 57 адам ооруканага кайрылган. 6 адам ар кандай жарааттарды алышып, жаткырылган.

Эске сала кетсек, кечээ, 3-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мечит-медресенин экинчи кабаты урап, 56 адам жабыркаган. Анда 1953-жылы туулган маркум Бактыяр ажы Ахуновго жаназа намазы окулуп жаткан. Ага 700дөй адам катышкан. Намаз окулуп бүтүп, элдер сыртка чыгып жаткан учурда мечит-медресенин экинчи кабатынын жыгач полу көтөрө албай урап кеткен. Анын кесепетинен 56 адам ооруканага кайрылган. Учурда окуянын келип чыгуу себептери иликтенип жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: