Сергей Шойгу: “Орусия Кыргызстанга заманбап курал жеткирүүнү баштады”
Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Орусия декабрь айынан баштап Кыргызстанга заманбап үлгүдөгү курал жеткирүүгө киришти. Муну Орусия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу билдиргенин орусиялык ММКлар жарыялашты.
“Өлкөнүн армиясы заманбап орусиялык курал-жарактар менен жабдылат. Тийиштүү келишимдерге кол коюлду, курал жеткирүүнү өткөн жылдын декабрь айында баштадык. 2014-жылы Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн чыгарылышынан кийинки ЖККУга мүчө өнөктөштөрүбүздүн коопсуздугу боюнча маселени чечүү зарыл”,- дейт Шойгу.
Орусия министри Кыргызстандын коопсуздугу үчүн Орусия толук кандуу колдоо көрсөтө турганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
2

