super.kg logo
  Спорт  

Франциялык веложарышчы 100 жаштан ашкан спортчулар арасында дүйнөлүк рекорд койду

 
Ал спорт коомчулугуна спорт менен каалаган жаштан алектенип баштоого болорун далилдеди.
Аны дайыма колдогондор күйөрмандары бар. Ал акыркы рекордун коюп жатканда ага жандуу 300 киши күбө болду.
Аны дайыма колдогондор күйөрмандары бар. Ал акыркы рекордун коюп жатканда ага жандуу 300 киши күбө болду.
Спортчу алдыда бул көрсөткүчтү да жаңылай турганына ишенет.

Франциялык 102 жаштагы веложарышчы Робер Маршан велосипед тебүүдөгү көрсөткөн ылдамдыгы боюнча өз рекордун жаңылады. Бул тууралуу 4-февралда чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, анын жаңы рекорду Парижде коюлган. Ал 102 жашта экенине карабай саатына 27 чакырым аралыкты басып өттү. Маршандын айтымында, ал өзүн бул жыйынтыктан кийин жакшы сезип жатат. Бирок бул көрсөткүчү аны толук канааттандырбайт.  

Маршан 100 жашынан өткөндөн кийин велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенген тарыхтагы жалгыз спортчу. Анын буга чейинки рекорду 2012-жылы катталып, анда саатына 24 чакырым аралыкты басып өткөн.

Андан тышкары ал расмий түрдө 100 жаштан ашкандан кийин 100 чакырым аралыкты багындырган жалгыз спортчу. Ага бул үчүн 4 саат 17 мүнөт жетиштүү болгон.  

Робер Маршан 1911-жылы 26-ноябрда төрөлгөн. Бала күнүнөн тарта велоспорт менен профессионалдык түрдө алектенүүнү кыялданганы менен, аны бул спорт секцияларына кабыл алышкан эмес. Натыйжада айдоочулук кесипти аркалап жүргөн. Велоспорт менен олуттуу түрдө машыгууну пенсияга чыккан соң гана баштаган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
04.02.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана позитиве каласын мындай адамдардан
04.02.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы, биздин чон аталар 80ге жетпей аркы дуйного кетип жатат. Бул кантип 100дон ашса да профиционалдардай велик тээп журот?
04.02.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз 100 жашка тошокто жатып калбай 12 мучобуз тугол, басып журуп эле чыгайлычы.
06.02.2014. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошон учун спорт менен машыгыш керекда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: