Архив кызматкерлеринин айлыгы 3 жылдын ичинде көтөрүлөт
Бүгүн, 4-февралда парламенттин Билим берүү, илим,
маданият жана спорт боюнча комитетинин отурумунда Наталья Никитенко “Улуттук
архив фондуна жетиштүү каражат бөлүнбөй келет” деп билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Анын айтымында,
архивдердин имараттары кыйроо абалында турат. “Аларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү
дайыма үчүнчү же төртүнчү орунда турат. 6 имараттын ичинен бири гана капиталдык
оңдоодон өтүүчү катары жазылган. Бул багытты изилдеп чыгып, конкреттүү план
түзүү зарыл. Бул маселени 2015-жылга чейин чечүү жана ал жерде
иштегендердин айлык маянасын жогорулатуу керек”,- деди ал.
Каржы министринин
орун басары Арзыбек Кожошев жакынкы жылдарда айлык акы көбөйтүлөрүн айтты. “Архивде
эмгектенгендердин маянасын 3 жылдын ичинде этап менен көтөрүүнү пландап жатабыз”,-
деди Кожошев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

