Токмоктогу жатак-үйдөн эки майыпты Орусияга сатып жиберген директордун иши сотко өткөрүлдү
Токмоктогу №2-жатак-үйүндө тарбияланган эки майыпты тилемчилик кылдыруу үчүн Орусияга сатып жиберген директордун иши боюнча тергөө аяктап, сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Эске салсак, 2013-жылы 11-ноябрда Токмок шаарынын прокуратурасы "адам сатуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык жогорудагы мекеменин жетекчисине кылмыш ишин козгогон.
Иликтөөнүн жүрүшүндө интернаттын директору өткөн жылы октябрь айынын аягында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү интернаттын эки жашоочусун 500 долларга сатканы аныкталган. Алар Москва шаарындагы жер астынан өтүүчү жолдо тилемчилик кылышмак. 28-октябрда майыптар К.А. аттуу жаран менен Эл аралык “Манас” аэропортунан Бишкек-Москва каттамында учуп кетишкен. Андан кийин жатак-үйдүн директору К.Ж. тарбиялануучуларды Токмок шаарында жашаган тууганы алып кеткендиги тууралуу документ жасаган.
Тергөөнүн жыйынтыгында 16-декабрда Аламүдүн райондук соту тарабынан директорго баш коргоо чарасы менен сырттан айып тагылган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

