Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 4-февралда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн
интеграциялык бирикмелерге катышуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Кеңешменин жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен экономика министри Темир Сариев мамлекет башчыга Бажы биримдигине кирүү боюнча «жол картасын» иштеп чыгуу жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке
кошулуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.
Ошондой эле Кыргызстандын экономикалык байланыш жана кызматташуу боюнча бирикмелерге кошулуу шарттары талкууланды.
Кеңешменин катышуучулары экономика, миграция саясаты,
жумушчу орундарды түзүү жана интеграциялык процесстерге байланыштуу экспорттук
потенциалды арттыруудагы артыкчылыктуу милдеттерди чечүү үчүн көрүлчү чараларды
талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

