super.kg logo
  Саясат  

"ОшТВ" телеканалынын айланасындагы окуялар акыйкатчынын көзөмөлүнө өттү

 

"ОшТВ" телекомпаниясы тууралуу окуяны акыйкатчы Бакытбек Аманбаев өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда акыйкатчынын басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-февралда акыйкатчынын Оштогу өкүлдөрү Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын кызматкерлери жана "ОшТВнын" жетекчилиги менен жолуккан. Эки тараптын тең пикирин угуп, "ОшТВга" карата кылмыш иши мыйзам негизинде козголгонун билдирди. Мындан сырткары алардын журналисттердин ишине кийлигишпегенин жана конституциялык укугун бузбаганын кошумчалады. 

Ал эми телеканалдын директору Эрнис Кыязов сөз эркиндигине басым жасалып жатканын айткан.

Эске салсак, УКМК "ОшТВ" телеканалы аймак аралык бөлүнүүгө чакырык жасап  жатат" деп кылмыш ишин козгогон. Ал эми кечээ, 3-февралда  "ОшТВнын" кызматкерлери  муну саясий куугунтук катары баалап, "сөз эркиндигине басым жасалууда" деп УКМКнын имаратынын алдында нааразычылык акциясын уюштурушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: