super.kg logo
  Саясат  

Парламентте оорукана жана мектептер үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринин сатылышы каралды

 

Бүгүн, 4-февралда Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында оорукана жана мектептер үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринин сатылышы тууралуу маселе каралды. 

Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбүев азыркы тапта Билим берүү жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин карамагындагы жер тилкелеринин сатылып кетиши изилденип жатканын айтты. Комитеттин төрайымы Дамира Ниязалиева мурун көпчүлүк адамдар имараттарды ижарага алып, бир нече убакыттан кийин кайра сатылып, үчүнчү колдорго өтүп кеткенин кошумчалады. 

 

“Мындай кырдаал көп убакыттан бери бар болуп келген. Имараттарды бузуп, ордуна көп кабаттуу үйлөрдү тургузуп алышкан. Эмнеге кайсы негизде сатылып жатканын тактабайсыңар? Саткан адамдардын аты-жөнүн айтып чыгуу керек. №6 оорукананын ижарасынын убактысын эмнеге узартышканын түшүнбөйм. Натыйжада бейтаптарга орун жок, үйлөрүндө каза таап жатышат. Ижаранын артынан куугандын ордуна, ооругандардын айыгуусуна мүмкүнчүлүк бербейсиңерби?”- деди Ниязалиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: