Ички иштер министрлиги: “Энеси үч баласын Сириядагы согушка алып качып кетти” деген маалымат чындыкка туура келбейт
Орусиялык массалык маалымат каражаттары “Кыргызстандын түштүк аймагында энеси
үч баласын Сириядагы согушка алып качып кетти” деп жазып чыккан маалымат
чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда КРнын ИИМинен
билдиришти.
Автор: Нургазы Аматов
ММКлардын маалыматына таянсак, 29-январда Кыргызстандын түштүк аймагынан айым 11, 9 жана 6 жаштагы балдарын
Сириядагы согушка алып качып кеткен. Бул тууралуу ал күйөөсүнө смс аркылуу
билдирген.
“Мекендештерибиздин Сирияга баргандыгы боюнча фактылар бар, бирок үч балалуу эне жөнүндө кабар чындыкка туура келбейт”,- деди ИИМдин басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
-1

