super.kg logo
  Саясат  

Коргоо министринин орун басары: “Кой-Ташта өзүн-өзү асып алган жоокердин жүрүш-турушу жакшы болчу деп айта албайм”

 

Чүйдүн Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жатып, 3-февралда өз жанын кыйган 20 жаштагы Абдрасул уулу Кудайберген жакшы жүрүш-турушун көрсөтө алган эмес. Бул тууралуу коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов басма сөз өкүлдөрүнүн суроосуна жооп берип жатып айтты. 

Анын айтымында Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы тарабынан болгон окуя боюнча текшерүү жүрүп жатат. 

“Жоокер жөнүндө жүрүш-турушу жакшы болчу деп айтуу мүмкүн эмес. Анын кызмат өтөгөнүнө 10 ай болгон. Денесин текшерүүдө жаракаттардын изи табылган жок. Калган материалдарды тергөө жүргөндөн кийин ачыктайбыз”,- деди ал.

Эске салсак, 3-февралда аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокердин сөөгү жер төлөөдөн асынган бойдон табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: