super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Цехтерге сертификатты кайсы орган берет жана алуу үчүн акча төлөнөбү?

 
Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: - Бишкекте иштеп жаткан цехтер көп. Баарынын сертификаты бар деп айтуу мүмкүн эмес. Негизи, бул сертификатты кайсы орган берет жана алуу үчүн акча төлөш керекпи? Суроо калтырган Compact

Жооп: - Бишкекте канча цех иш алып барып жатканы жөнүндө бизде маалымат жок. Алар жасап чыгарган эмеректердин сертификаты бар же жок экенин экотехинспекциядан сураш керек. Негизинен продукцияларды сертификациядан өткөрүү үчүн ал продукциялар атайын аккредиттелген сыноо лабораториялардан өтүш керек. Булардын баары акы төлөө аркылуу аткарылат. Шайкештик сертификатын негизинен аккредиттелген сертификаттоо органдары берет. Бүгүнкү күндө республика боюнча 14 орган иштеп жатат. Ал эми Бишкекти ала турган болсок, алардын ичине төмөнкү органдар кирет:

1. Сыноону сертификаттонун жана метрология борбору (Бишкекский центр испытаний,сертификации и метрологии); 2. Стандартсертик жана башкалар;

Суроого Экономика министрлигинен жооп беришти.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: