super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси С.Катта кызматташтык боюнча сүйлөштү

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 4-февралда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Каттаны кабыл алды. Тараптар эки өлкөнүн кызматташуу келечеги, Кыргызстанда парламенттик демократияны өнүктүрүү жөнүндө пикир алышты.

Жээнбеков: “Кыргызстан Евробиримдиктин алдынкы өлкөлөрүнүн бири - Франция менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар”,- деди. С.Катта Франциянын Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөрдүн жүрүшүнө чоң кызыгуу менен байкоо салып жатканын билдирди. “Биз өз тажрыйбаларыбыз менен бөлүшүүгө даярбыз, бизге Кыргызстандын тажрыйбасы да кызыктуу”,- дейт элчи.

Кыргызстандын айыл чарба өнүмү атаандаштык түзө аларын айтып, француз ишкерлери кыргыз өнөктөштөрү менен байланышты жөнгө салууга кызыкдар экенин кошумчалады С.Катта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: