super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш бүгүн “Кумтөр” маселесин ары же бери кылат

 

Жогорку Кеңештин жыйынында бүгүн, 5-февралда “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандуму каралат. Жантөрө Сатыбалдиев баштаган өкмөт өкүлдөрү жаңы ишкана түзүп, үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү демилгесин жактап, депутаттардын суроолоруна жооп беришет.

Эскерте кетсек, “Центерра” менен сүйлөшүүгө барган өкмөт 2013-жылдын октябрь айында үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү сунушун парламентке алып чыккан. Меморандумдун кыргыз тараптын кызыкчылыгына жооп бербей турганын айткан депутаттар үлүштү 67 пайызга жеткирүү, болбосо келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөө тапшырмасын берип Сатыбалдиевди кайрадан “Центерра” менен сүйлөшүүгө жөнөткөн. Бирок өкмөт ал тапшырманы аткара алган жок. Айрым өзгөртүүлөр менен жаңы макулдашуу сунуштоодо. 

Эгер бул келишим долбоору парламенттен колдоо таппаса, Кыргызстан “Кумтөрдү” улутташтыруу же келишимден бир тараптуу чыгууга киришүүсү мүмкүн. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: