super.kg logo
  Саясат  

Феромондуу желим кармагычтарын бак-дарактарга жайгаштыруу натыйжалуу жыйынтыктарга ээ болгон жок

 

Феромондуу желим кармагычтарын бак-дарактарга жайгаштыруу натыйжалуу жыйынтыктарга ээ болгон жок. Бул тууралуу кечээ, 4-февралда Бишкек шаарындагы бак-дарактарды, жашыл массивди зыянкечтерден коргоо боюнча өткөрүлгөн жыйында белгилүү болду.

Анда Бишкек шаарынын мэриясынын “Жашылдандыруу-курулуш” муниципалдык ишканасынын башкы агроному С.Кравер: “Өткөн жылы шаардагы бак-дарактарды жана жашыл массивди зыянкечтерден коргоо багытында “Жашылдандыруу-курулуш” муниципалдык ишканасы бир топ иш-чараларды жүргүздү. Эмен бактарына 5 миң феромондуу желим кармагычтары жайгаштырылган. Жүргүзүлгөн иш-чаралар көптөгөн себептер боюнча биз күткөн натыйжага ээ болгон жок. Феромондуу желим кармагычтарын эмен жыгачтарына жайгаштырууну зыянкечтердин саны өтө көбөйө электе, 2010-2011-жылдары баштаганда туура болмок”,- деди. Ошондой эле башкы агроном 2014-жылы феромондуу желим кармагычтардын санын үч эсе көбөйтүү менен 1500 гектар бак-дарактарга жайгаштырууну сунуш кылды.

Эске сала кетсек, 2013-жылы 500 гектар бак-дарактарга 5 миң феромондуу желим кармагычтары чапталган. Айта кетсек, Бишкекте бак-дарактар отургузулган аянттын жалпы көлөмү 4860 гектарды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: