Бишкекте өтө турган хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогу 24-февралда старт алат
Бишкекте өтө турган хоккей боюнча Азиянын Чакырык кубогу 24-февралда старт алат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 1-дивизиондогу мелдешке Кыргызстан, Макао, Сингапур жана Индия курама командалары катышат. Алгачкы беттештер 24-февралга туураланган. Кыргызстан биринчи беттеште Сингапурга каршы турат. 26-февралда орун ала турган мелдештин 2-турунда кыргыз хоккейчилери индиялыктар менен кез келишет. Финалдык оюн жана 3-орун үчүн оюн 2-мартка белгиленген. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.