“Республика” фракциясы “Кумтөр” боюнча жаңы келишимди колдобойт
Парламенттин 5-февралдагы жыйынында “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов “Кумтөр” боюнча фракциянын чечимин жарыялады. Фракция өкмөттүн жаңы макулдашуусун колдобойт жана 3 сунуш билдирүүдө. Биринчиси – “Кумтөр” боюнча биргелешкен ишкана түзбөй эле үлүштү 50х50 пайыз кылуу. Экинчиси – биргелешкен ишкана түзүлсө, кыргыз тараптын үлүшүн 67 пайызга жеткирүү, үчүнчүсү – бул талаптар аткарылбаса, бардык келишимдерден бир тараптуу чыгууну демилгелөө.
Назарали Арипов өкмөткө ишеним көрсөтпөө процедурасын баштоону да сунуштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

