Кыргызстанда июнь айында Катар мамлекетинин маданият күндөрүн өткөрүү сунушталды
Кыргызстанда 2014-жылдын июнь айында Катар мамлекетинин
маданият күндөрүн өткөрүү сунушталды. Мындай сунушту Катардын Кыргызстандагы
элчиси Мохамед Бин Арар Аль-Наими 4-февралда маданият министри Султан Раев
менен жолугушууда киргизген.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм
министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, элчи 2014-жылы
Бишкек шаарынын Ислам маданий борбору деп аталышы менен министрди куттуктап,
бул багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшөрүн айткан.
Жолугушууда маданият тармагындагы
кызматташтыкты бекемдөө үчүн өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу чечими чыгарылды.
Ошондой эле Кыргыз
Республикасынын ММКлары үчүн Катарга пресс-тур уюштуруу менен өлкөнүн экономика
жана маданиятын тааныштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.