super.kg logo
  Саясат  

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 3-февралда "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Документ эл аралык автомобилдик ташуулар тармагында мыйзамдарды, өкмөттөр аралык жана мекемелер  аралык макулдашуулардын талаптарын бузган ата мекендик жана чет өлкөлүк унаа ташуучулардын администрациялык жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

Анда чет өлкөлүк жана ата мекендик жүк ташуучулар тарабынан эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз ишке ашыргандыгына жоопкерчилик каралган. Мындан сырткары жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтегендиги, эл аралык байма-бай эмес жүргүнчү ташууларды автомобиль транспорту менен аткарууда жүргүнчүлөрдүн тизмесинин жок болушу тууралуу айтылган.

Ошондой эле Кыргызстандын аймагында жайгашкан калктуу пункттар ортосунда унаа ташуулардын чет өлкөлүк ташуучулар тарабынан ишке ашырууда, транспорттук каражаттардын белгиленген салмак габариттик нормаларын сактабагандыгына карата чара колдонуу, автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелеринин талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчилик караган ченемдер менен толукталат.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 25-декабрында кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: