Эркин Алымбеков “Кумтөр” боюнча: “Өкмөт бир жыл убакытты текке кетирди, алтыныбыз дагы эле уурдалууда”

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынында депутат Эркин Алымбеков "Шоуну токтотолу. Өзүбүздү сыйласак, ар бир депутатка сөз берели да, ачык добуш берүү менен маселеге чекит коёлу" деди. Айтымында, өкмөттү зордоп иштетүүдөн жыйынтык чыкпайт.
“Өзүбүздү сыйлабасак да, элди сыйлайлы. Бир жыл ичинде бир нече токтом кабыл алдык. Парламент тапшырма бере берет, өкмөт аткарбайт. Бир жыл убакыт текке кетти, алтыныбыз дагы эле өлкөдөн чыгарылып жатат. “Өлбөгөн жанга жаз келет” дейт. Эртеңки күнү баарыңар жооп бересиңер”,- деди Алымбеков.
Депутаттын пикиринде, келишимди колдоо же өкмөттү отставкага кетирүү керек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

