Дастан Бекешев: “Үн чыгаруучу жабдуулары бар жол чырактарды орнотууга айрым органдар бут тосушууда”

“Көрүүсү жана угуусу чектелген жарандар үчүн атайын жабдуулары бар жол чырактарды орнотууга тоскоол болуп жаткан айрым мамлекеттик органдарга нааразымын”,- деди депутат Дастан Бекешев “Парламент” радиосунун 5-февралдагы түз байланышында. Бишкек шаарындагы 7 көчөнүн кесилишине аталган типтеги жол чырактар коюлганын айтты. “Мындай жол чырактарды өзүбүз сатып алдык, мамлекеттик органдар жардам бергендин ордуна, аларды орнотуу үчүн акча сурап жатышат”,- дейт Бекешев.
Депутат шаарда курулуп жаткан үйлөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн эч кандай шарт жок экенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

