super.kg logo

Украина: Унаа менен поезддин кагылышында каза болгон 13 адамга аза күтүү жарыяланды

 

Украинанын Суми облусунда жүргүнчү поезд менен адам ташыган маршруттук автобус кагылышып, андан кеминде 13 адам көз жумду. Буга байланыштуу Украинада аза күтүү жарыяланып, аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 5-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу семафордо кызыл күйүп турганына карабай темир жолдун багытына өтүп кеткен. Айдоочу аман калып, азыркы тапта көрсөтмө берүүдө.

Облустук прокуратура 13 адам каза болуп, 6 адам жаракат алганын кабарлады. Алардын үчөөсү оор абалда жатат. 

Кечээ, 4-февралда 18 жүргүнчү менен бара жаткан унаа  жана  Харьков-Ворожба багытындагы поезд кагылышып кеткен. Бардык каза тапкандар автобустун жүргүнчүлөрү экени аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.02.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларда эмне поезд келе жатканда жолду тосуп коюу деген жокпу?Же адамдардын саны ушунчалык коппу?Олсо не жалко дегендей...
05.02.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир адамдын катасы Канча деген балдарды жетим кылып Канча деген адамдарды сыздатты ! Ошон учун Достор Саат жетиде уйдо болуп калышым керек деп шашуунун кереги жок Саат алтыда моркто болуп калыш Мумкун!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: