super.kg logo

Бүгүн 73 жашка толгон композитор Сардарбек Жумалиев “туулган күндө айтылган каалоолор дем берет” дейт

 
2012-жылы Азамат Сарыбаевдин аткаруусундагы Сардарбек Жумалиевдин "Бульварым" аттуу чыгармасы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер ремейки" деп табылган. Ал эми Сардарбек Жумалиевге "Супер-Инфо" гезити тарабынан керемет ыр үчүн ыраазычылык билдирилген.

Бүгүн, 5-февралда обончу, композитор, дирижёр, “Таң сыры”, “Кетпейм сага жолукмайынча”, “Бульварым” сыяктуу белгилүү ырлардын автору Сардарбек Жумалиев 73 жашка толду.

Аны туулган күнү менен куттуктап байланышканыбызда, 73 жашка чыкканына карабай чыгармачылык эргүүдөн куру эмес экенин билдирди.

“Туулган күн - ар бир адам үчүн маанилүү күн. Мен да туулган күнгө өзгөчө маани берем. Жакын адамдарыңдын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн курчоосунда отуруп жылуу сөз уккан кандай бакыт! Бул адамды чыйралтып, ден соолук, чыгармачылык эргүү тартуулайт. Буга чейин 50, 60, 65, 70 жылдык мааракелеримди белгилегем. Ошонун баары эсте калат. Бүгүн 73 жашты багындырып жатып да чыгармачылык менен алектенип келем. Учурда чыгармаларды оркестрлештирүүнүн үстүндө иштеп жатам”,- деди ал.  

Эске салсак, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти, КРнын Эл артисти кыргызга белгилүү болгон “Сен менин жазылбаган ырларымсың” сыяктуу жүздөн ашуун чыгармалардын автору.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.02.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кутман куракка келиптирсиз куттуктайбыз
05.02.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
умурунуз узун болсун, коп жашаныз, сиздей инсандар коп болсун, талантынызга таазим
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: