super.kg logo
  Саясат  

Орусияга бара жаткандар 10 миң доллардан ашык болгон каражаттарын декларацияда көрсөтүүсү зарыл

 
КРнын Тышкы иштер министрлиги Орусияга барчу кыргызстандыктарга акча каражаттарын бажы чек арасынан алып өтүүдөгү киргизилген эрежелер тууралуу маалымдады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 
Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин "накталай акча каражаттын жана акча инструменттерин алып өтүү контрабандасы" боюнча беренесине толуктоолор киргизилди. Ага ылайык, бажы чек арасынан мыйзамсыз акча алып өтүү үчүн кылмыш иши каралат.

Эгер жаран 10 000 АКШ долларын же андан көп акча каражатын декларацияда көрсөтпөй бажы чек арасынан алып өтсө, ал административдик жоопкерчиликке тартылат.

Беренеге ылайык, эгер жаранга кылмыш иши козголсо, анда кармалган адамга алып бара жаткан акчасынан 15 эсе көп же 3 жылдын айлык маянасынын суммасына барабар айып салынат. Мындан сырткары 4 жылга чейин эркинен ажыратылып же 4 жыл түзөтүү иштерин аткарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: