Өкмөт жооп берет: Эмнеге өрт өчүрүү менен аскердик өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлерине маяна бирдей төлөнбөйт?

Профессионалдык өрт өчүрүүчү бөлүмдөрүндө иштеген кызматкерлердин эмгек мамилелерин жана аны менен түздөн-түз байланышкан башка мамилелерди жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмгек мыйзамдары (эмгекти коргоо жөнүндө мыйзамдарды кошкондо) жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу башка ченемдик укуктук актылар: Эмгек кодекси, КРнын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу локалдуу ченемдик актылар менен жүзөгө ашырылат.
Өрт өчүрүүчүлөр бөлүмүндө иштегендердин айлык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-августундагы №440-токтому менен бекитилген жана ошол убактан бери жумуштун өзгөчө кырдаалы боюнча 30% кошумча акы төлөнүп келүүдө, ал эми аскер кызматкерлерине бул төлөм 2011-жылдын 11-ноябрынан баштап төлөнүүдө.
Эркин жалданган кызматкерлерге тамак-ашка болгон компенсация Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 28-сентябрындагы №457-токтомдун, ал эми аскер кызматкерлерине 2002-жылдын 17-октябрындагы №706-токтомдун негизинде төлөнөт.
Суроого Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

