Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы алкактык макулдашуу ратификацияланды
2014-жылдын 4-февралында КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "2013-жылдын 17-сентябрында Брюссель шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, КРнын Тышкы иштер министрлигине Европалык инвестициялык банкка Кыргызстандын жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 16-январында кабыл алынган мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

