Опера жана балет театрынын солисттери Лондондо өнөрлөрүн көрсөтүшөт
Опера жана жана балет театрынын артисттери Лондондо өз өнөрлөрүн тартуулашат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нооруз майрамына карата кыргыз балетин жандандыруу максатында саамалык уюштурулуп жатат. Лондонго болгон сапар алкагында биздин артисттер европалыктар менен тажрыйба алмашышат. Алардын барып-келчү каражатын швециялык фонд төлөйт. Топко кирген жети кишини опера жана балет театрынын мурунку солисти Эмил Акматалиев жетектемекчи.
Швециялык фонддун өкүлү Нима Киянн белгилегендей, репертуар классикалык эмес фольклор жаатында болот. “Нооруздун ачылышы” деген аталыштагы майрамдын ачылышы Бишкекте 7-мартта башталат. 21-мартта кыргыз балетинин артисттери Лондондо оюн көрсөтүшөт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Cholpon555

08.02.2014. 23:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо, жакшы экен, кутобуз.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.