Турсунбай Бакир уулу “Кыргызстанда Сүйүү күнүн жана “Аалам сырлары” көрсөтүүсүн токтотпосок болбойт”
“Сочиде өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 1 гана спортчунун барышы уят”,- деди ЖКнын 6-февралдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу. Айтымында, Олимпиадага барчу спортчуларды тапса болмок. “Кантип эле лыжаны жакшы тепкен спортчулар жок болсун? Жакшылап карасак болмок. Жакында башкы прокурор Аида Салянова да лыжа тээп жүрүп кырсыкка учурады”,- деди Бакир уулу.
Депутат Кыргызстанда 14-Февраль – Сүйүү күнүн белгилөөнү жана “Аалам сырлары” көрсөтүүсүн токтотпосо болбой турганын айтты. “Булар шайтандын жоруктары. “Аалам сырлары” көрсөтүүсү боюнча төраганын тапшырмасына рахмат. Эгер бул көрсөтүү токтотулбаса, Кубат Оторбаевдин жеке жоопкерчилигин карашыбыз керек”,- деди эл өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

