super.kg logo
  Саясат  

Ош. Ар бир депутатка бөлүнүүчү 150 миң сомдон эл өкүлдөрү баш тартышты

 

Кечээ, 5- февралда Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2014-жылдын бюджетин талкууга алышты. 2013- жылы депутаттар өздүк эсебине 6 750 000 бекитишкен. Быйыл эл өкүлдөрү бөлүнгөн акчадан баш тартышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 6-февралда Ош шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдыкадыров билдирди.

"Ар бир депутатка 150 миң сомдун тегерегинде туура келчү. Бирок кечээ бул нерсе мыйзамга туура келбей турганын айттык. Депутаттар өздөрү демилге көтөрүшүп, аларга бөлүнүүчү 6 750 000 сомдон баш тартышты. Башка тармакка жумшалышын сунушташты. 3 375 000 сомду Ош шаардык жолдор башкармалыгына, ал эми 3 375 000 сомду Шаардык курулуш башкармалыгына бөлүп беришти",- деди Абдыкадыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: