“Кумтөр” маселеси: Макулдашуу комиссиясы бир жыйынтыкка келе элек
“Кумтөр” маселеси боюнча парламенттеги макулдашуу комиссиясы бир жыйынтыкка келе элек. Муну бүгүн, 6-февралда ЖКнын жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди. “Сүйлөшүү аяктай элек, азыр да жүрүп жатат. Жакын арада бир жыйынтыкка келүүсү күтүлүүдө”,- деди төрага.
Эскерте кетсек, 5-февралда ЖКда “Кумтөр” боюнча өкмөт сунуштаган жаңы келишим каралган. Фракциялар ар башкача чечим кабыл алгандыктан, бирдиктүү чечимге келүү үчүн макулдашуу комиссиясы түзүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

