super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандын 3 жеңил унаасы Сибирь бажы кызматы тарабынан конфискацияланды

 

Сибирь бажы кызматы менен Ички иштер башкармалыгы Кыргызстандан Орусия Федерациясынын аймагына ташылып жаткан унаалардан мыйзам бузуу фактысын аныктаган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Бажы кызматынын маалыматына ылайык, кыргызстандык номурлуу үч жеңил унаа орусиялыктарга сатылган. "Сибирь аймагына ташылып жаткан унаалардын документинде укук бузуулар көп катталып жатат. Бажы мыйзамынын талабына ылайык бажы төлөмүн төлөбөй унааларды алып киришет. Бирок өлкөдөн өз убагында кайра сыртка алып чыгышпайт. Машиналарды башка айдоочуларга берип, жергиликтүү тургундарга сатып жиберишет. Бул мыйзам бузуу деп саналат. Мындай учурда айып пул салынып же унаалар конфискацияланат” деп айтылат аталган кызматтын басма сөз кызматынын маалыматында.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: