Сузакта мектеп окуучулары арасында "Спорт кылмыштуулукка каршы" деген ураан менен мелдеш өттү






4-февралда Сузак районундагы мектеп окуучуларынын
арасында спорттук мелдеш орун алды. Сузак РИИБи жана Ырыс айылдык аймагынын жетекчилери уюштурган иш-чара "Спорт кылмыштуулукка
каршы" деген ураан менен өттү. Анда катышуучулар
волейбол, теннис оюндары боюнча күч сынашты. Бул тууралуу 6-февралда Жалал-Абад
облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Таймашка
9 мектептен 120 окуучу катышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Волейбол боюнча 1-орунду камсыз кылган М.Юсупов атындагы №15-орто мектептин окуучуларынан түзүлгөн курама командага 1-даражадагы диплом, кубок жана акчалай сыйлык ыйгарылды. 2-3-орунду багындырган курама командалар диплом, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары теннис боюнча 1-орунду ээлеген окуучуга 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык берилди.
Мелдештер Жалал-Абад ОИИБи тарабынан “Мекеним менин - Кыргызстан!” аттуу алдын ала профилактикалык иштердин алкагында уюштурулуп келе жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.