super.kg logo
  Саясат  

КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы кызматына Асанбек Алымкожоев дайындалды

 

Бүгүн, 6-февралда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабын түзүү жөнүндөгү буйрукка кол койду. Бул тууралуу президент аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган буйрук менен КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы кызматына Асанбек Алымкожоев дайындалды.

Алымкожоев Асанбек Туңгучбаевич 1956-жылдын 11-апрелинде Чүй облусундагы Сокулук районунун Сарбан айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Кадрдык офицер, генерал-майор аскердик наамынын ээси.

1977-1979-жылдары Казак ССРинде чалгындоо взводунун командири катары кызмат өтөгөн. 1979-1981-жылдары Ооганстанда кызмат кылган. Чалгындоо ротасынын командири, чалгындоо полкунун начальниги болгон. 1981-жылы жеке эрдиги жана каармандыгы, советтик аскерлердин ийгилигине көмөктөшкөн аскердик иш-чараны мыкты уюштургандыгы жана билгичтик менен жетектегендиги үчүн Кызыл жылдыз ордени менен сыйланган.

1981-1982-жылдары РСФСРдин Калинин шаарында чалгындоо полкунун начальниги болгон. 1985-1992-жылдары Асанбек Алымкожоев Орусия Федерациясынын Рязань шаарында оперативдүү бөлүмдүн начальниги, штабдын начальнигинин орун басары, атайын багыттагы (ГРУ) бригаданын штабынын начальнигинин милдетин аткарган.

1992-жылы Асанбек Алымкожоев мекенине кайтып келген.

1992-1999-жылдары - КР ИИМ атайын багыттагы отрядынын командири. 1999-2000-жылдары КР Коргоо министрлигинин Чек араны коргоонун башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басарлык милдетин өтөгөн. Баткен окуяларынын катышуучусу. 1999-2000-жылдары мамлекетти коргоого жана чыңдоого кошкон салымы үчүн II жана III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

2001-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Токмок шаарындагы атайын багыттагы бригадасынын командири болуп дайындалган.

2003-2006-жылдары Түштүк аскер тобуна командачылык кылган. 2006-2009-жылдары КР Улуттук гвардияны жетектеген. 2009-жылдын декабрь айынан 2010-жылдын апрелине чейин Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген. 2013-жылдын июль айынан бери КР Коргоо министрлигине караштуу КР Улуттук гвардиясынын командири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: