super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Мамлекетти чыңдоо ишинде офицерлер алдынкы позицияда жүрүүгө милдеттүү”

 
Бүгүн, 6-февралда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы жөнүндө жарлыкка кол коюп жатып “мамлекетти чыңдоо ишинде офицерлер алдынкы позицияда жүрүүгө милдеттүү” деп билдирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. 
Мамлекет башчысы Генералдык штабдын башчысына мамлекетти коргоону камсыз кылган мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенишүүсүн, пландаштырууну жана биргелешип күч колдонууну так уюштурууну камсыз кылууга милдеттендирди.
Мындан сырткары өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн негизин чыңдоонун маанисин баса белгилеп, “Кыргызстандын аскер кызматкерлери мамлекет тарабынан тиешелүү колдоону сезе баштайт” деди.
Эскерте кетсек, 3-февралда президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Коргоо жана Куралдуу күчтөрү жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: