Бакыт Дарманкул уулу: “Чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн жоктугу эмгек мигранттары менен иштешүүнү татаалдантууда”
КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги эмгек мигранттары менен иштешүү үчүн чет өлкөлөрдө өкүлчүлүк ачууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралдагы Коомдук саясат институтундагы тегерек столдо Миграциялык саясат башкармалыгынын башчысы Бакыт Дарманкулов билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта эмгек жана миграция министрлигинин чет мамлекеттердеги өкүлчүлүгүнүн милдетин элчилер аткарып келишет. Ошондой эле өкүлчүлүктөрдүн жоктугу эмгек мигранттары менен иштешүүнү татаалдантып жатканын белгилеп өттү.
Бул багытта иштелип чыккан долбоор өткөн жылы 18-декабрда өкмөттүк аппаратка жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

