super.kg logo
  Саясат  

Украина. Майдандын катышуучулары “Биз күтүүдөн тажадык” деген жазуулары бар кагаздар менен Жогорку Радага келишти

 
"Күтүүдөн тажаган" калың топ...
Парламенттин имаратынын алдындагы аянт автобустар менен жабылган.

Украинада абал курч бойдон калууда. Украиналык басылмалардын 6-февралда берген маалыматына караганда, митингчилер бүгүн Жогорку Радага келишти.

Коомдук ишмерлер, депутаттар жана жана митингге көп убакыттан бери катышып келген калың топ “Биз күтүүдөн тажадык” деген плакат кармап Украинанын Өкмөт үйүнүн алдында турушат. Ал эми күч түзүмдөрү Жогорку Раданы күчөтүлгөн тартипте күзөтүшүүдө. Жогорку Раданын имаратынын Институтская көчөсү тарабында миңдей күч түзүмүнүн өкүлү орун алса, имараттын алдындагы аянт автобустар менен жабылган.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Радада пленардык отурум орун алууда. Анда депутаттар Конституцияга реформа киргизүү, 2004-жылкы Конституцияга кайтуу тууралуу талдап жатышат.

Украинада өкмөткө каршы демонстрациялар былтыр ноябрда президент Януковичтин өкмөтү Евробиримдик менен тыгыз алака түзүүгө алып баруучу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин тутанган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: