super.kg logo

Бейбаштыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Аламүдүн районунда бейбаштыкка шектелип уюшкан кылмуштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 6-февралда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жабырлануучу белгисиз адам бычак менен коркутуп акча талап кылганын айткан. Ал акчасы жок экенин айтканда ур-токмокко алып, 10 500 сомун тартып алган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. 

Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Кемин районунун 35 жаштагы тургуну кармалды. Анын буга чейин соттолгону белгилүү болгон. 

Мындан сырткары кылмышка шектүү А.Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, иликтөө иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: