Кышкы суукта электр жарыгын үнөмдөө, суу, жол көйгөйүнө көнгөн жаңы конуштун жашоосунан көз ирмем (фоторепортаж)
Жаңы конуштарга өлкөбүздүн бардык бурчунан жарандар келип жашап калышкан. Ак-Жар жаңы конушу.


Жаңы конуштарга өлкөбүздүн бардык бурчунан жарандар келип жашап калышкан. Ак-Жар жаңы конушу.

Бул жаңы конушта 10 миңден ашык калк жашайт. Басымдуу бөлүгү шаарда эмгектенет.

Жаңы конуштарда суу, жол маселеси көнүмүш көйгөйгө айланган.

Балдар коңшу конуштардын мектептерине барып окушат.

Ак-Жар жаңы конушундагы учурдагы биринчи көйгөй электр энергиясы болуп эсептелет. Авариялык өчүрүүлөр көп катталат.

Кышында конуштун жашоочулары негизинен көмүр пайдаланышат.

Суук болгондо көмүр жакшы өтөт. Мисалы, бир күндө 40-50 мүшөк. Мүшөгү 250 сом турат.

Бир мүшөк жыгач отундун баасы 100 сом.

Айрымдары терезесинен мор чыгарып алышкан.

Бир мүшөк көмүр эки күнгө араң жетет.

Электр энергиясына чектөө киргизилгенине карабастан, электр мештерин колдонушат.

Электр энергиясына, отунга үнөм болот деп айрымдар тандырга нан жабышат.

Калича эже жумасына бир жолу тандыр нан жабат.

Бир жарым жыл мурун орнотулган колонкалар жарактан чыккан.

Сууга бай Кыргызстандын борбор шаарындагы конушта калк сууну күн сайын кезекке туруп алат.

Сууга бай Кыргызстандын борбор шаарындагы конушта калк сууну күн сайын кезекке туруп алат.

Суу ташуу көйгөйүнө бардык жашоочулар туш болушкан. Мында аял-эркек деп бөлбөй, суукта суу ташууга баары милдеттүү.

Электр жарыгынан кийинки орундагы көйгөй - суу маселеси. Айрымдары көнүп калгандыктан, ташуунун жеңил жолдорун өздөштүрүп алышкан.

Электр жарыгынан кийинки орундагы көйгөй - суу маселеси. Айрымдары көнүп калгандыктан, ташуунун жеңил жолдорун өздөштүрүп алышкан.

Жаңы конуштардын башкы көйгөйлөрүнүн бири - жолдор.

Жаңы конуш турмушунан көз ирмем.

Жаңы конуш турмушунан көрүнүш.

Жаңы конуш турмушу

Суук болгондо айрым таксисттер бир топ эле акча таап алышат экен. Алар конуштун башында турушат.

Көйгөйдү көңүлгө албаган конуштун жаш тургундары күн жылый түшсө муз тебүүгө жөнөшөт.

Көйгөйдү көңүлгө албаган конуштун жаш тургундары күн жылый түшсө муз тебүүгө жөнөшөт.

Кышкы суукта көйгөй айтып көңүл чөктүргөндөр да, кар киши жасап өзүнө жакшы маанай тартуулагандар да арбын.
Акыркы күндөрү Бишкек шаарында абанын температурасы -25°C чейин жетти. Мындан улам шаар тургундары электр энергиясын белгиленген чектен ашыкча колдонуп жатышат. Авариялык өчүрүүлөр да көп болууда. Мындай көрүнүш шаардын борбордук көчөлөрүндө жашаган тургундарга көп деле кыйынчылык жаратпайт. Бул учурда жаңы конуш жашоочулары көптөгөн кыйынчылыктарга туш болушууда. Суу алып келүү үчүн кезекке туруу, электр жарыгын үнөмдөө максатында от жагуу. Айтор, айтсаң бир катар түйшүк бар. Ак-Жар жаңы конушунун мисалында “Кычыраган суукта жаңы конуш кантти экен?” деген суроого жооп издеп көрмөкчүбүз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

