super.kg logo

Жылнаама, 7-февраль: Мындан 8 жыл мурун Рысбек Акматбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталган 

 

* Мындан 39 жыл мурун, 1975-жылы 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев туулган. Исаев Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Калиновка айылында жарык дүйнөгө келген. Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин эсеп-коммерция факультетин бүтүргөн. 2010-жылдын октябрында “Республика” саясий партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-жылдын декабрынан баштап 2012-жылдын июнь айына чейин "Республика" депутаттык фракциясынын жетекчисинин кызматын ээлеген. Ошондой эле 2010-2012-жылдары "Биримдик жана өнүгүү" жана "Биримдик" парламенттик фракцияларынын көпчүлүк коалицияларынын төрагасы, 2013-жылдын 16-майынан баштап "Ынтымак" депутаттык тобунун жетекчиси болгон.

Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү.
Канатбек Исаев Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын президенти жана улуттук ат оюндар боюнча республикалык "Аргымак" коомдук бирикмесинин төрагасы, 2013-жылы Эл аралык Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы болуп шайланган. Ошондой эле "Тынай" көк бөрү клубунун негиздөөчүсү.
 
 

* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Рысбек Акматбаев Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталган. Балыкчы округунун шайлоо комиссиясы кримавторитет катары таанылган Рысбек Акматбаевди ЖКнын депутаттыгына талапкер катары каттаган.

Анын талапкерлиги туурасында карама-каршы көп кырдуу пикирлер айтылган.
ЖКнын депутаттыгына талапкер Р.Акматбаевдин маселеси атайын жыйналышта биринчи жолу 30-мартта каралып, сунушталган документтердин жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамдардын негизинде БШК өз чечимин чыгарган. Жыйынга Балыкчы шайлоо комиссиясынын төрагасы, Р.Акматбаевдин өкүлү катышып, чогуу талкуулагандан кийин "КР ЖКнын депутаттыгына Р.Акматбаевди талапкер катары каттоо жөнүндөгү Балыкчы округдук шайлоо комиссиясынын 2006-жылдын 7-февралдагы чечимин жокко чыгаруу боюнча" токтом кабыл алган. Буга БШКнын 10 мүчөсү добуш берип, бирөө калыс болгон. Р.Акматбаевди 2010-жылдын 10-майында белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн.
 

* Мындан 4 жыл мурун, 2010-жылы Украинада президенттик шайлоонун 2-туру болуп, Виктор Янукович жеңишке жетишкен. Президенттикке 18 талапкер катталган. 1-турдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Виктор Янукович көбүрөөк добуш топтой алган. Бирок бул жыйынтык менен ал президент боло алган эмес. Себеби өлкөнүн мыйзамы боюнча 1-турда 50 пайыздан көп добуш алган талапкер президент болуп шайлана алат. 1-турда эч ким көрсөтүлгөн пайыздан жогору добуш топтой албагандыктан, шайлоонун 2-турун өткөрүү белгиленген. 2-турда Януковичтин негизги атаандашы Юлия Тимошенко болгон. Жылнаама толугу менен бул жакта...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
06.02.2014. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
РЫСБЕК рахматы азыр болгондо мындай "Кумтор" "Саруу". ЖКде проблемалар болмок эмес ээ. туугандар туурабы.
07.02.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzstan13, туптуура! Митинг, пикет, Оштогу кыргыз-озбек согушу даа болмок эмес (
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: